www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияны каптаган “Хагибис” тайфунунан улам каза болгондордун саны 77 кишиге жетти, ошондой эле дагы 10 киши дайынсыз жоголгон. Учурда тайфундун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу япон басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, катуу бороондон улам электр зымдары үзүлүп, миңдеген үйлөр жарыксыз калса, дарыялар нугунан чыгып каптаганынан улам 33 миң үй суу астында калган.

 «Хагибис» Японияда акыркы жылдардагы эң кыйраткыч тайфун болуп калды. Анын борборундагы басымы 935 гектопаксалды түзүп, ал эми борборундагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрди, күчөгөндө 65 метрди түзгөн. Метеорологдор анын күчүн “Ида” тайфунуна теңешти. Ал тайфундан 1269 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости