www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктагы эмгекчилердин Республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинин өкүлдөр менен жолугушту.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков өмүрүн аскердик кызматка арнап, азыр да жаштарды мекенчилдикке тарбиялап келе жаткан ардагерлер менен жолугушуу зор сыймык экенин белгиледи.

“Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлери, Ооган согушунун жана Баткен окуясынын катышуучулары! Сиздер менен жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын. Сиздер өмүрүңүздөрдү тобокелчиликке салып, өлкөбүздөгү жана чет мамлекеттердеги коогалуу окуяларга катышып, эл тынчтыгын, журт бүтүндүгүн коргоп калгансыздар. Азыр да өлкө келечеги үчүн кам көрүп, жаштардын жоокердик-мекенчилдигин арттыруу багытында жигердүү эмгек кылып келесиздер. Буйруса баарыбыз биргелешип, күнөстүү Кыргызстаныбызды гүлдөгөн өлкөгө айлантабыз” – деди.

Ошондой эле Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Россия мамлекеттеринин парламенттери мүчөлүк кылган ЖККУ ПАнын көчмө жыйыны жакында Бишкекте өткөнүн эске салган Төрага Дастанбек Жумабеков отурумда бир катар маселелер көтөрүлүп, анын ичинен аталган уюмдун алкагында терроризмге каршы жалпы аймакты түзүү тууралуу сөз болгонун маалымдады.   

Ал эми “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктагы эмгекчилердин Республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы Мырзакан Субанов жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, өзү жетектеген бирикмеде жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого өзгөчө басым жасаларын кошумчалады. Андан тышкары, Мырзакан Субанов республикабыздагы аскер кызматкерлеринин укуктары менен милдеттери толук сакталбаган учурлар жок эмес экендигин айтып, буга “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын мисал кылды.   

Төрага Дастанбек Жумабеков аталган мыйзамдын аткарылышын өз көзөмөлүнө аларын убада кылып, ардагерлерге бекем ден-соолук, узак өмүр тиледи.

Последние новости