www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТОРЕПОРТАЖ - Чолпон-Атада ТүркПА кеңешинин 11-отуруму өттү

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Атада ТүркПА кеңешинин 11-отуруму өттү.

Анда кеңешме Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) аталышын өзгөрттү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жаңыдан түзүлүп жаткан Түрк инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырууну сунуштады.

Спикер бүгүн Чолпон-Атада өтүп жаткан ТүркПАнын пленардык жыйынында сүйлөдү.

Ал эми ТүркПАнын кийинки пленардык жыйыны 2023-жылы Стамбулда өтөт.

Жыйындын алкагында Кыргызстан 2022-жылы ТүркПАга төрагалык кылууну Казакстандан өткөрүп алды.

2008-жылдын 21-ноябрында Стамбул шаарында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстандын парламенттеринин төрагаларынын конференциясында түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Биринчи пленардык жыйын 2009-жылдын 29-сентябрында Баку шаарында өткөн.

Ошондой эле ал Борбор Азиянын геосаясий жайгашуусун, жаратылыш ресурстарынын зор байлыгын, экономикалык жана саясий өнүгүүсүн эске алганда Кыргызстандын статусу күндөн-күнгө өсүп жатканын белгиледи. Андыктан түрк өлкөлөрүн экономикалык кызматташтыкты жаңы багытта жүргүзүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, ТүркПАга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө. Ал эми Венгрия байкоочу макамында катышууда. Өзбекстан менен Түркмөнстандын делегациялары ардактуу конок катары чакырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости