www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын Кале шаарында муниципалитет баш калкалоочуларга тамак берүү жана жуунуу мүмкүнчүлүгүн берген көчүп жүрүүчү душ кабиналарынын жайгаштырылышына тыюу салды.
Франциянын түндүгүндөгү жана октябрь айынын акырында бошотулган Кале баш калкалоочу лагеринде чет элдиктердин кайрадан чогулушуна тоскоол болуу максатында муниципалитет тарабынан талаш – тартыштуу ишке ашыруулар баштатылды. Кале муниципалитети чыгарган чечимге караганда баш калкалоочуларга тамак берүү жана душ алууларына мүмкүнчүлүк берген көчүп жүрүүчү кабиналарды курууга тыюу салды.
Муниципалитет башчысы Наташа Бошарт жергиликтүү «Ла Вуа дю Нор» гезитине берген маалыматында адамзаттык мааниде айтуу кыйын болсо да азык – түлүк жардамы жана душ сыяктуу темаларда гуманитардык жардамдарга каршы экендигин белгиледи.
Калеге кечээ барган ички иштер министри Бруно Ле Ру бул шаарда жаңы лагерлердин курулушуна уруксат беришпей тургандарын белгилеп жана азыркы учурдагы баш калкалоочуларга тамак берүүгө уруксат берилерин билдирген.
Булак: "trt.net.tr"