www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укуктун укуругу жетпеген зомбулук

Айрыкча, эрте турмуш курган кыздардын зомбулукка кабылуу ыктымалдыгы жогору экени айтылууда

Кыргызстанда укук коргоочулар аялдарга карата зордук-зомбулук азайбай жатканын айтып жатышат. Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө караганда, кордук көрсөтүү эркектер тарабынан эле эмес, аялдардын бири-бирине үстөмдүгүнөн да келип чыккан учурлар аз эмес дешет. Айрыкча, эрте турмуш курган кыздардын зомбулукка кабылуу ыктымалдыгы жогору экени айтылууда.

"Эркек балага тарбия бербей, аялды сыйлабаганга үйрөтүүнүн кесепети. Менин кызым зордук-зомбулукка кабылды. Он сегиз жашында турмушка чыкты, ошол барган күндөн баштап, зордук-зомбулук көргөзгөн экен. Керек болсо кыз кезинде дагы таяк жеп жүргөндүгүн айтты мага. Күндө бир окуясын айтып ыйлайт балам. Көрсө куру үзүлгүчө сабап жүргөн экен күйөөсү. Буттарынын баарында тактар бар. Аны мен кайдан билейин. Ошону апасы көрүп туруп, эмне себептен уруп жатканын сурабай койгону, энесинин акмактыгы. Мен баласын сотко беришим керек, бирок кандай жолдор менен бараарымды билбей жатам",- дейт аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранган эне.

.Жогорку билимдүүлөр арасында да мындай көрүнүшкө кабылгандар жок эмес. Бирок алар өзүн коргоп калууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк дешет адистер.

Кесиптен да жогорку билимден да куру калып, эрте турмуш куруп алган кыз-келиндер кээ бир учурда баласын камсыздоого шарты жок деп табылып, кыйын абалда калып жаткан фактылар да жок эмес.

"Катталбаган никеде жашап, анан аялдарга жөн эле талак беришет. Мүлк турсун өзүнүн төрөгөн баласына болгон укугун алып коюп жатат. Жыйынтыгында аял өзүнүн коомдогу ордун толук жоготуп коюп жатат. Бирок баланы бербейм деп айтпайт, ал атасынын колунда калат, эми алар сот процессин аябай катуу кылып, жактоочу жалдаган учурлар бар. Балдары бар, бирок балдарына бара албаса, каалгандай эркелетип, өөп-жыттай албаса бул эмне деген кордук? Күйөөгө дагы чыга албайт, анткени балдары бар деп чыгышат",- дейт Ош Облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылдык кеңешинин депутаты Авазкан Ормонова.

Авазкан Ормонова

Авазкан Ормонова

Аялдар маселесинде, Клара Сеткиндин негизги талаптары 100 жылдай убакыт өтсө да акутуалдуу бойдон калып жатат деген пикирлер да жок эмес.

"Аялдардын абалына күрөшүп келген айымдар ошол он тогузунчу кылымдан башында эле биз бүгүн айтып жаткандарды көтөрүп чыгышкан. Ошондо да билим алганга, саламаттыкты сактаганга, эрте күйөөгө чыкпаганга, айлык маянасын жогоруурак алганга, азыраак убакыт иштегенге жана башка жөнөкөй адамдын укуктарына ошол жылдары аялдар күрөшүп келген. Бүгүн биз дагы деле ошол жерде отурат окшойбуз",- дейт эмгек жана социалдык өнүктүрүү минстри Таалайкүл Исакунова. Ал аялдарга байланышкан мыйзамдар жазуу жүзүндө эле калып жатат деп эсептейт.

Адам укугун коргоо уюмдары, Кыргызстанда Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу аялдарга карата мамиле же шарттар жакшыраак болгону менен зомбулук азайды деп айтуу мүмкүн эмес дешетАдам укугун коргоо уюмдары, Кыргызстанда Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу аялдарга карата мамиле же шарттар жакшыраак болгону менен зомбулук азайды деп айтуу мүмкүн эмес дешет.

Адам укугун коргоо уюмдары, Кыргызстанда Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу аялдарга карата мамиле же шарттар жакшыраак болгону менен зомбулук азайды деп айтуу мүмкүн эмес дешет.

"2015-жылдын официалдуу түрдөгү статистикасына кайрыла турган болсок, 2179 аял зордук-зомбулукка учураган деп жатат. Алардын болгону эки жүзгө жетпегени боюнча иштер козголуп, анын дагы бир далайы сот процессине жетпей калган. Зомбулукка каршы саясатыбыз тийиштүү деңгээлде болбогондуктан, анын түрлөрү дагы көбөйдү. Күндөн-күнгө саны да өсүп жатат. Турмушта, иште аялдын аялга болгон зордук-зомбулугу, кайын журттун келинге болгон зордук-зомбулугу аз эмес",-дейт адам укуктары боюнча кеӊештин төрайымы Гүлжамал Султаналиева.

Сот өкүлдөрү да өз укугун коргоого белсенген кыз, келиндердин саны арбын болгону менен алардын баары эле ар кандай себептер менен ишти аягына чейин чыгарбайт дешет.

"Зомбулук болгон фактылар күнү куру эмес чыгып калып жатат. Бирок 2012-жылдан баштап, 2016-жылга чейинки статистиканы карасак, ал фактылардын сотко жеткен учурлары аз болуп жатат. Биринчиден укук коргоо органдарына жеттиби же жеткен жокпу? Бул бир суроо, экинчи суроо болсо, жеткен учурда дагы кайсынысы сотко өттү деген сыяктуу суроолор туулуп жатат. Бирок ал жагын биз карай албайбыз, биз сот системасына түшкөн фактыларды эле карап чыгып, анализ жазап, май-июнь айларында бир жыйынтыкка келебиз",-дейт Жогорку соттун конституциялык палатасынын соту Чынара Айдарбекова.

Өткөн жылы кыргыз Парламенти турмуш курууга жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Демилгечилер бул мыйзам кыз-келиндерге карата болуучу көп кесепеттердин алдын алат деп белгилешкен.

Булак: "bbc.com"

Последние новости