www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-октябрда Франциядагы атактуу Лувр музейинде ири уурулук болду. Кылмышкерлер музейден Наполеон Бонапарттын дооруна таандык зер буюмдарын алып чыгышкан. Бул тууралуу Bild басылмасы жазды.
Франциянын маданият министри Рачида Дати окуя болгонун тастыктап, жабыркагандар жок экенин билдирди. Учурда музей убактылуу жабылып, окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүп жатат.
Bild жазгандай, үч белгисиз адам музейге кирип, тогуз антиквариатты - брошь, диадема жана декоративдик кутучаны уурдап кетишкен. Алар Сена дарыясынын жээгиндеги курулуш аянтын колдонуп, терезени сындырып, ичине киришкен.
Жергиликтүү булактардын айтымында, уурдалган буюмдардын арасында император Наполеондун жубайы Жозефинага таандык деп эсептелген зер буюмдары бар.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул окуя боюнча Интерпол аркылуу издөө иштери башталган. Музейдин коопсуздук системасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүшү күтүлүүдө.
Эксперттер бул окуяны "Европадагы акыркы жылдардагы эң ири искусство уурдоосу" деп аташууда.
Белгилей кетсек, Франциянын императору Наполеон Бонапартка таандык болгон жана анын башкаруусунун башынан аягына чейин сакталып келген кылыч мурда аукциондо сатылган.
Мухаммад Ходиев, Ташкен