www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиянын полициясы фуранын ичинен табылган 39 кишинин өлүгүнө байланыштуу дагы 2 адамды камакка алды. Экөө тең 38 жашта. Кылмышка шектелип кармалган бул бир аял менен бир эркек капысынан адам өлтүрүүгө жана киши сатууга айыпталып жатышат. Буга чейин Мо Робинсон аттуу ошол өлүктөр табылган унаанын айдоочусу кармалган болчу. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, 23-октябрга караган түнү Англиянын Эссекс графтыгында, Лондондон 30 чакырым алыс жердеги Грейс шаарынын өнөр жай аймагында токтоп турган оор машиненин ичинен 39 адамдын денеси табылган. Анын 31и эркек (ичинде бир өспүрүм да бар), 8и аял. Англия полициясы 39 сөөктүн тек жайы аныкталганын, алар кытайлыктар экенин билдирген.

Болгариянын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда кечинде “Скания” үлгүсүндөгү бул унаа Варна шаарында катталган фирмага тиешелүү экендигин, бирок бул унаа Болгариядан 2 жыл мурун чыгып, кайра кайрылып барбаганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости