www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын коңшу Кытайга болгон карызынын көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын 30%ына чапчып барат. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономика институтунун иликтөөлөрүнө шилтеме кылып орус басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 2008-жылы Кытайга карата карызы 10 миллион доллардан ашкан эмес. Демек, 1,7 млрд доллар карыздын дээрлик баары 11 жыл ичинде үйүлгөн.

Расмий Пекин мындай суммадагы карыз акчаларды негизинен Кыргызстандагы энергетика тармагын: ЖЭБди реконструкциялоо, “Датка”, “Кемин” подстанцияларын куруу, Кара-Балтадагы нефтини кайрадан иштеп чыгаруучу заводун салуу сыяктуу ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн берип турган. Мындан сырткары Кытайдын бир канча компаниялары жергиликтүүлөр каршы чыккандарына карабай Кыргызстандагы алтын казуучу жерлерге ээлик кылып, иштетип келишет.

Ал эми эки өлкөнүн жылдык соода жүгүртүүсү 2 миллиард доллардын тегерегин түзсө, анын 1,9 миллиарды Кытайдан кирген экспорттук товарлар. Бизден Кытайга болгону 100 миң долларлык гана товар кирет. Муну менен катар, Кытай эгемендүү Кыргызстандын жолдорун оңдоого, археологиялык казууларга, атүгүл кыргыз армиясын күчтөндүрүүгө да миллиондогон акча каражаттарын берип келет.

Ошондой эле кытай акчаларына бир катар билим берүү мекемелери да курулуп, оңдолгон.

Ушул жылдын башында Бишкекте антикытай митинги өтүп, анда бир нече ондогон жергиликтүү тургундар кармалган.

Ошентип Кыргызстан Кытайга болгон карызы боюнча Тажикстандан ашып түштү. Аталган мамлекеттин Кытайга болгон карызы 1,2 млрд долларды түзүп, бул сумма сыртка болгон карыздардын дээрлик тең жарымы экени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости