www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык "РусГидро" компаниясы Кыргызстандын Өкмөтүнүн үстүнөн Гаага эл аралык арбитраждык сотуна $37 млн. өндүрүп берүү боюнча доо арыз менен кайрылган. Гаага соту россиядык компаниянын Кыргызстанга доо арызын кабыл алды. Аталган "РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жөнүндө долбоорду ишке ашыра алышпай калган.

Бирок курулуштун башталышына кеткен чыгымдар $37 млн. болду деп, каражатын төлөп берүүнү Кыргызстандан талап кылууда. Кыргызстан тарап аталган сумманы өтө көп деп эсептеп кайтаруудан баш тартып, эл аралык аудиттин текшерүүсүн талап кылган. Эми ушул маселе да сотто каралат. Кыргазстан карызды кайтарбай жатканынын дагы бир себеби, бюджетте мындай чоң каражат жок, Аткаминерлер карызды төлөө үчүн жаңы инвестор таап, анын эсебинен кайтарууну ойлошкон, бирок андай инвестор 2016-жылдан бери табылбай жатат.

Булак: "Фабула"

Последние новости