www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматына сунушталууда. Бул тууралуу Азаттык жазып чыккан.

Мыйзам боюнча, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуштайт. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат.

Экс-министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен.

Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы туулган. 41 жашта. Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016 жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.

2016-жылдын 18-апрелинен тартып Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп келе жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости