www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гананын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Кинтампо шаарындагы туристтер арасында популярдуу болгон шаркыратмадан кулаган дарактар кеминде 17 кишинин өмүрүн алганы кабарланды.

Полиция жана куткаруу кызматтары дарактар катуу шамалдан омкорулуп сууга кулап, агып келген деп кабарлоодо. Айрым маалыматтарда каза тапкандар саны 20 киши деп айтылат.

"Каза тапкандардын көпчүлүгү Венчи лицейинин окуучулары. Арасында туристтер дагы бар. Биз дарак басып калгандарды куткаруу аракетин көрдүк»,-деп билдирди аймактагы Ѳрт өчүрүү кызматынын өкүлү Бирлли Анаглате.

Анаглатенин айтымында, 18 киши окуя болгон жерде эле набыт болгон. Дагы эки киши ооруканада көз жумду.

"Каза тапкандардын жакындарына көңүл айтабыз жана жаркат алгандардын айыгып кетүүсүн кудайдан тилейбиз»,-деп билдирди Гананын Туризм министри Кэтрин Абелема Афеку.

Булак: "bbc.com"

Последние новости