www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз шоу-бизнесинин жаңы толкунунун агымы менен кошо келген ырчы Тата Улан акыркы жылдары сахнадан көрүнбөй кеткен. Учурда Тата Улан каякта, эмне менен алек болуп жүргөнүн билүү үчүн маекке чакырдык.

- Улан, сахнадан көрүнбөй кайда кеттиңиз?

- Шоу-бизнес өзү ушундай нерсе экен. Бир учурда аябай талыкпай эмгектенет экенсиң. Баары Жараткандын буйругу менен болот. Башынан эле бирөөгө барып жалдырабайм жана мени чыгаргыла деп сураган эмесмин. Эгерде мени жазбай же теледен кетирбесе мейли, чын жүрөктөн баары бир деп айтам. Анткени, мен үчүн карапайым калк бар. Колдоп, талантымды баалап уккандар бар. Мындан сырткары үй-бүлө күтүп, наристелүү болуп аларды эч нерседен кем кылбай багуу үчүн иштеп жүрөм.

- Кыргыз элиндеги актуалдуу темаларды ыр менен бересиз. Ушул ырлар кантип жаралат же акындар жазып береби?

- Бул ырды мен өзүм да жазбайм, акындар да жазышпайт. Бул ырларды Алла Таалам жазат. Мисалы, адам баласынын ар бир кадамы, сиз менен биздин маегибиз, көчөдө баскан элдин баары бул буйрук. Алла Таала болбосо бул нерселер болбойт, ошол сымал мен ырларымды да Жараткандын буйругу менен жазам.

Кээ бир учурларда мындай болуп калат, мага ой келет, мен болсо калем менен кагазга түшүрөм. Жазып бүтүп карасам ыр болуп калат. Мен өзүмдү төкмө акынмын деп айта албайм, мен үйрөнгөн жазма акынмын. Мен буга чейин 14 жашымдан баштап, 21 жашка чейин орус тилинде ыр жазгам. Анан Жараткандын буйругу менен кыргызча жаза баштадым.

- Сиз тарапка айтылган сындарды кандай кабыл аласыз?

- Мен эч кандай кабыл албайм. Болгону сындагысы келсе сындасын, түз көз карашта болом. Ошондой эле, бул сын айткан адамдар менин чыгармачылыгымды баалаган адамдар. Болгону айтаарым чын жүрөктөн баары бир. Себеби, кээ бир сындар туура айтылат, кээ бирлери каймана дегендей. Аны туура кабыл ала билиш керек. Ар бир иштин себеби да, максаты болуш керек. Кээ бир адамдардын максаты сүйүү үчүн же акча үчүн болот. Ал эми ошол максатты тууралаш жана туура жол көргөзүш менин максатым. Ал эми эң туура максат бул Аллах үчүн.

- Биздин кыргыз маданияты азыркы учурда эмнеден аксап турат?

- Маданиятты эмне кылабыз. Бул жерде мамлекетибиз өзү аксап турганда, маданиятка асылбай эле койсо болот. Өзүбүз мүдүрүлүп, чалынып атсак, анан баары ошондой болот да. Ошондой эле бир жагы бар бул Аллахтын буйругу бар. Ушул кыйынчылыктар менен бышып, жакшы жакка оңолобуз. Болгону үмүтүбүз өчпөсө, анда жакшы болот. Эми ар бир адамдын ою бар, максаты бар дегендей.

Ар бир адам өзүнө жооп бериши керек, себеби тиги дүйнөгө барганда биз өзүбүз үчүн жооп беребиз, башка үчүн эмес. Ал жерден эмнеге ушундай болду же эмнеге мындай кылдың деген суроого жооп беребиз. Динде негизи ырдаган болбойт да, бирок мен таштай албайм. Анткени бул кичине болсо да дабат болуп эсептелет. Дабат деген бул эмне? Бул жамандыктан, жакшылыкка чакыруу.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости