www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп Нурлан Акматов дайындалды.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин жыйыны болуп, анын жүрүшүндө Нурлан Акматовду башкармалыктын төрагасы кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Нурлан Акматов кесиби боюнча экономист жана юрист. Ал буга чейин “Газпром Нефть Азия” ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеп келген.

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын буга чейинки төрагасы Эмил Чукуев эки күн мурун өз арызы менен иштен кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости