www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын соту "журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүүгө тиешеси бар" деген негизде Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасынын мурдагы эки жардамчысын камакка алууга ордер берди. Ханзаада Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси Сауд Ал-Кантани менен башкы чалгынчынын мурдагы орун басары Ахмед ал-Ассирини камакка алуу тууралуу прокурорлордун өтүнүчү канааттандырылганын Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.
Прокурорлор шейшемби күнү сотко жөнөткөн документтерде "Саудиянын бул эки жараны журналист Хашогжинин көзүн тазалоо операциясын пландоого аралашкан" деген жүйө келтирилген.
Саудиялык журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде өлтүрүлгөнү ырасталган. Ал 2017-жылдан бери АКШда жашап, өзгөчө Саудиянын мураскер ханзаадасын сындап келген.
Булак: NazarNews.kg