www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Акматов "Манас" эл аралык аэропортуна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты. Жаңы дайындалган жетекчи 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Газпром нефть Азия" ишканасында эмгектенгендиги маалым болду.

Буга чейинки төрага Эмир Чукуев өз ыктыяры менен кызматтан кеткен болчу. Ал эми анын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалган эле. Мындай чечим шаршемби күнү "Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Нурлан Акматовдун эки жогорку билими бар. Ал 1993-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун экономика адистиги боюнча аяктаган, ал эми 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости