www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылы өкмөт башчынын токтому менен мекемелер аралык комисия тузүлгөн. Ал комиссия "мен союз мезгилинде ооган согушуна катышкам" ~ деп, өкмөттөн айына 6 миң сом пенсия алган ардагерлерди текшерүүгө ала баштаган.

Натыйжада 200ге жакын адам ал согушка катышпай эле, 7 жылдан бери, тааныш-билиш аркылуу "ооган согушунун ардагери" деген жалган күбөлүк жасатып алышканы ачыкка чыккан.

Алардын ана башында генерал Рысбек Мирзаматов жана генерал Нурдин Чомоевдин да жалган ооганчы экени далилденип, кылмыш иши козголгон.

Чомоев 6-7 жылдан бери өкмөттөн алган акчасын кайра кайтарып жатат. Ал эми Мирзаматовдун кызмат абалынан пайдаланып, бир эмес, эки күбөлүк жасатып алганы ачыкталган.

Бирок ал ошого карабай, күнөөсүн мойнуна албай, так секирип келет. Жакында анын учурунда Ош шаардык аскер комиссариатын жетектеп турганда өзүнүкүндөй жалган күбөлүктү башка адамдарга да жасатып бергенин аталган комиссиянын мүчөсү Абдыгул Чотбаев ЖМКларга билдирди.

Жалган ооганчынын бири Токторбай Адыров экен. Ал жасалма кубөлүгү менен өзүн генерал деп тааныштырып, ооганчылардын ооруканасынан дарыланып жүргөн. Бирок ал эч кандай генерал эмес, полковник экен. Жалган ардагер Мирзаматовдун "Ата Мекенден" ЖКга депутат болом деп, өзүнө козголгон кылмыш иштерин кыскартуунун амалы менен алектенип келатканы маалым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости