www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кел-кели келдиби?

Өмүрбек Субаналиев Акаев, Бакиевдин башкаруу заманында чоң кызматтарды ээлеп, өзүн көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок Атамбаев заманында четке сүрүлүп, бош жүрдү.

Эми Жээнбеков заманында багы кайрадан ачылып, кызматка келген. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болгонуна деле көп боло электе, УКМКнын башчысы Идирис Кадыркулов кызматтан кетти. Анын кызматтан кетиши, Субаналиевге оомат алып келчүдөй болуп тургансыйт.

Көпчүлүк, бул кызматка аны татыктуу кадр катары эсептеп, сүрөп жатышат. Президент болсо, бул маселе боюнча бир чечимин ачыктай элек. Балким, "Катанинин" кел-кели чындап келип жүрбөсүн. Чынында Субаналиев УКМКны жетектеп калса, жетиштүү деңгээлде иштеп берер. Бирок президенттин саясаты менен болуп, ээн-эркин иштей албасы түшүнүктүү.

Булак: Багыт.кж

Последние новости