www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын абройлуу кишилеринен бири жана Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы, Республикачыл сенатор Жон Маккейн, Американын борбордук күчтөр командири (CENTCOM) генерал Жосеф Вотелди Конгрессте катуу сынга алып: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын террор уюму ПЙД темасында канчалык көөшөрүп турганын түшүнбөгөнүн ойлоодомун»,-деди.

 Маккейн, Түркиянын кызыл чийиндерине кайдыгерлик кылбоо керектигин баса белгиледи.

АКШнын борбордук күчтөр командири (CENTCOM) генерал Жосеф Вотелди жана Африка күчтөр командири Томас Вальдхаузер Куралдуу күчтөр комитетинде сенаторлордун суроолоруна жооп беришти.

АКШнын борбордук күчтөр командири (CENTCOM) генерал Жосеф Вотелдин жооп берүүлөрүнө ыраазы болбогон Республикачыл сенатор, Вотелди болушунча тердетти.

Тема Америка башкаруучулугунун жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ жана ПЙДга көрсөткөн колдоосу эле.

Сенатор Маккейн, генерал Вотелден террор уюму ПЙДга көрсөтүлгөн колдоонун себебинен Түркия менен болгон карым-катнаштардын жараланганын жана була балды кантип оңдой тургандарын сурады?

20-февралда президент Режеп Таййип Эрдоган менен Анкарада жолукканын эске салган Маккейн, президент Эрдогандын «АКШнын ПЙД жана ПКК элементтерине колдоо көрсөтүшүнөн абдан тынчсызданганын» эске салды.

Маккейн, ПЙД менен болгон кызматташуунун себебинен АКШнын Түркиядан ажырап калуу коркунучуна туш болгонун баса белгиледи.

Республикачыл партиянын алдыңкы сенаторлорунан болгон жана Конгресстеги Түрк тобунун да мүчөсү Сенатор Линдси Грэм да ПЙДнын бардык аймак үчүн коркунуч туудурганын баса белгиледи.

Жеке эле түрктөр эмес аймакта жашаган башка күрт топтордун да ПЙДдан тынчсызданганын белгилеген Грэм: «Эмне үчүн ушундай топ менен кызматташуудабыз?»-деп сурады.

Сындоолордун алдында жайдары мамилесин сактаганга аракет кылган генерал Вотел: «Аймакта жүрүш кылып жатканда түрк кесиптештерибиз менен тынымсыз байланышып иш кылуудабыз»,-деп гана тим болду.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости