www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан жакырландыбы же жакшырдыбы?

Америкалык "Global Finance" финансы басылмасы 2016-жылдын эсебинде дүйнөнүн эң бай жана жакыр өлкөлөрүнүн тизмесин түзгөн. Анда 189 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 148-орунду ээлген.

Америкалык "Global Finance" финансы басылмасы 2016-жылдын эсебинде дүйнөнүн эң бай жана жакыр өлкөлөрүнүн тизмесин түзгөн. Анда 189 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 148-орунду ээлген. Кыргызстан Папуа - Жаңы Гвинея менен Жибутинин ортосунда көрсөтүлгөн.

Аталган басылма мындай жыйынтыктарды жыл сайын жарыялап келет. Адатта буга чейин эле Кыргызстанда мындай жыйынтыктарды четке каккандар менен катар эле аны калыс баа деп тааныгандар болуп келген.

"Бул индекс эмненин негизинде түзүлгөнүн ала турган болсок " Global Finance " эл аралык валюта корунун жана дүйнөлүк банктын маалыматтарына таянган. Алар улуттук валютада эсептелген ички дүң продукцияны алып, аны баарына бирдей болушу үчүн АКШ долларына айлантып эсептеген. Бул ар кайсы өлкөлөрдүн экономикасын салыштырып көрүүнүн азырынча жалгыз жолу. Бул экономиканын абалын ачып көрсөтө турган объективдүү көрүнүш. Эгер бул рейтингдин алдыңкы сабында кимдер тураарын карай турган болсок чийки затка, ресурска бай өлкөлөр",- дейт аналитик Гүлнур Чекирова.

Деген менен Улуттук статистикалык комитет бүгүн тараткан маалыматында, 2017-жылдын алгачкы эки айынын көрсөткүчтөрү өткөн жылдыкына салыштырмалуу беш жарым пайызга өсүш болгонун айтууда.

Баисбек Касымбеков: 2017-жылдын январь, февраль айларында социалдык-экономикалык абал боюнча негизги көрсөткүчтөр өстү.

Баисбек Касымбеков: 2017-жылдын январь, февраль айларында социалдык-экономикалык абал боюнча негизги көрсөткүчтөр өстү.

"2017-жылдын январь, февраль айларында социалдык-экономикалык абал боюнча негизги көрсөткүчтөр өстү. Тактап айтканда ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолорго ылайык, 52 миллиард сомго жакындап, мурунку жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга жогорулады. Анын ичинде ички дүң продуктунун эн чоң үлүшү кызмат көрсөтүү тармактарына, өнөр-жай жана айыл-чарбасына туура келет",-дейт аталган мекеменин төрага орун басары Баисбек Касымбеков.

Аталган мекеме буга чейин да эң негизги керектелүүчү товарлар, азык-түлүктөр арзандаганын билдирген эле. Бирок баалардын арзандашы өндүрүү көбөйдү дегенди эле эмес, кардарлардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайды дегенди да түшүндүрөт дегендер да жок эмес.

Кыргызстандыктардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп кеткенин ишкер, Бишкектин бир нече жеринде жайгашкан "Сиэрра" кофейня тармагынын жетекчилеринин бири Бредли Бреньион да байкаган.

Кыргызстандыктардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп кеткенин ишкер, Бишкектин бир нече жеринде жайгашкан

Кыргызстандыктардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп кеткенин ишкер, Бишкектин бир нече жеринде жайгашкан "Сиэрра" кофейня тармагынын жетекчилеринин бири Бредли Бреньион да байкаган

"Чындыгында соңку беш жыл ичинде абал өзгөрүп жатканын айтууга болот. Бул такай кайталанып жатат. Бул жакшы же жаман дегенди түшүндүрбөйт. Бизде азыр кардарлардын саны бир эки жыл мурункуга салыштырмалуу өстү. Бирок алар баштагыдай акча сарптабастан аз өлчөмдө корото турган болушту. Мисалы мурун капучино кофесин чоң идиште алса, азыр кичинекей идиште алып калышкан. Андан сырткары сиздерге чоӊ идишкеби, же кичинегеби? - деп биз кардарлардан сурайбыз. Алар мурда жумасына төрт же беш жолу келе турган болсо азыр эки же үч жолу келишет. Азыр жагдай ушундай",-дейт Бредли Бреньион.

Аталган басылманын изилдөөсүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстан гана Кыргызстандан жакырыраак деп көрсөтүлгөн. Мисалы, тизмеде Казахстан 54, Түркмөнүстан 73, Өзбекстан 127-орунду ээлеген. Ал эми дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү деп Катар, Люксембург, Макао, Сингапур баштаган мамлекеттер көрсөтүлгөн. Ушул сыяктуу "US News & World Report" журналынын изилдөөсү боюнча Казахстан дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин катарында 71-сапты ээлеген.

Булак: "bbc.com"

Последние новости