www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бата жана алкоо сөздөрү адам менен коомдун жашоо-турмушундагы маанилүү учурларда айтылат. Мындай пикирин Философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Жакшы ниет - жарым ырыс, жакшы бата - толук ырыс» дейт кыргыздар. Теңир ишениниминин ыйык тексттери менен кеп маданиятынын өзөгүн бата, же алкоо сөздөрү түзөт.

Бата жана алкоо сөздөрү адам менен коомдун жашоо-турмушундагы маанилүү учурларда айтылат. Бата жана алкоо сөздөрү айтылган учурда Теңирге жана Теңир жараткан табияттын кайып пирлерине, ээлерине кайрылуу жасалган.

Теңир ишенимин бек туткан кыргыздар батанын күчүнө бекем ишенишет.

Батаны (благословение) өрнөктүү өмүр сүргөн, Кыдыр ата статусуна татыган эркек киши гана берет. Куюлуштура сүйлөп бата берген эркек адамды кыргыздар «БАТАКӨЙ» деп аташкан.

Теңир ишеними менен тыгыз байланышкан кыргыз эзотерикасындагы уңгусу «кай» (аныксыздык, белгисиздик, табышмактуу) деген сөздөн куралган

• «кайып дүйнө»,

• «кайыбынан табылды»,

• «Кайлас тоо»,

• «жер каймактаган мезгил»,

• «кайда»,

• «кайсы»,

• «көйкап»,

• «көйгөй» деген сөздөр бар экенин эске алсак, анда «БАТАКӨЙ» деп «Манас» эпосундагы «караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан», ак сакалы жайкалган Бакай атабыз сымал Улуу Күчтөр оозго салган сөздөр менен элди алкап, агартып-көгөрткөн кишини түшүнөбүз.

Этноэтикет боюнча аял киши БАТА (благословение) бере албайт. «Эркектин билеги, аялдын тилеги күчтүү» дейт кыргыздар. Демек, Умай эне статусуна ээ набаттуу байбиче БАТА бербейт. Ал болгону ЭНЕЛИК АК ТИЛЕГИН (добрые пожелания) айтат. Ошондуктан, аял кишиге карата «БАТАКӨЙ» сөзү эмес, «ТИЛЕКЧИ» сөзү колдонулат.

БАТА (благословение) менен ТИЛЕКтин (добрые пожелания) ортосунда төмөнкүдөй олуттуу айырма бар: Кыдыр ата статусуна ээ батакөй аксакал Улуу Күчтөрдөн өтө каалаган нерсени өктөм добуш менен сурап алат.

Мисалы, Манас баатыр менен Каныкей энебиз көп убакыт балалуу болбой жүрүп, акылгөй Каныкей энебиз:

«Бабам Кошой кийсе» деп,

«Батасы мага тийсе» деп

Бала үчүн жүрөм ынтызар.

Караңыз: Орозбаков С. Манас. 3-китеп. 209-бет.

Ошентип, «батасы журтту байыткан» Кошой атанын батасын алуу үчүн Каныкей энебиз ага арнап 12 жыл бою «кандагай» деп аталган бышык шымды жасайт.

Көкөтөйдүн ашында кытай баатыры Жолой менен күрөшөөрдө Каныкей тиккен кандагайды кийип, анын уздугуна, акылына ыраазы болгон Кошой атабыз Каныкей энебизди алкап, ага ак батасын берет:

Тилекти берсе бир Алла,

Күрөшкөнүн чалсын деп,

Туулса мындан бир бала,

Катылышкан душманын,

Ургаачы болбой, эр болсун!

Өгөөлөсүн темирдей.

Аюу болбой, шер болсун! 

Акыры туулса эркек уул,

Атышканын алсын деп,

Аты болсун Семетей!

Караңыз: Орозбаков С. Манас. 3-китеп. 214-бет.

Кошой атабыз ошол эле учурда кандагайды жасашканы үчүн Алманбет баатырдын зайыбы Аруукени да кошо алкап, келечектеги баатырдын, Семетейдин чоросу Күлчоронун атын атайт:

Арууке келин баласы,

Ага болсун чын жоро,

Акылдашы ар качан,

Аты болсун Күлчоро.

Караңыз: Орозбаков С. Манас. 3-китеп. 215-бет.

Кошой атанын батасы ордунан чыгып, Каныкей менен Арууке апаларыбыз төрөгөн балдар Семетей, Күлчоро аталышат.

Эпостун контекстинде магиялык сөз күчүнө ишенүү орундалып, Кошой атабыздын бата-алкоолору ишке ашат. Ошол себептен, кыргыздар пенде акча, байлык менен эмес, алкыш жана бата менен көгөрөт деп терең ишенишкен.

Демек, батакөйдөн айырмаланып, тилекчи энелер Улуу Күчтөрдөн карапайым пенделерге

• «уулдуу болуп ал!»,

• «уулуңдун атын Семетей кой!» деп, өктөм добуш менен сурана албайт», - деп белгилеген Аалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости