www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гонконгдо окуган кыргызстандык 27 студент мекенине учуп келди. Кытайда калган студенттер 21-22-ноябрь күндөрү учуп келет. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, студенттердин аэропортко чейинки жол кире чыгымын Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги төлөгөн.
Эскерте кетсек, Гонконгдогу курчуган кырдаалдан улам, ал жакта окуган кыргызстандык студенттердин ата-энелери президенттен жардам сурап кайрылган. Буга, “кыргызстандык студенттер элчилик менен дайыма байланышта. Кытай бийлигинин көмөгү менен студенттерибиз коопсуз аймакка жайгаштырылган. Сянганга КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу жөнөтүлгөн”, -деп ТИМ маалымат берген.
Күч алган окуя Кытай университетине чейин жетип, митингчилер политехникалык окуу жайды курчап алышкан. Курчоого алынган беш жүздөй демонстрант бар болгон, ал жерден чыгып кетүүгө аракет кылгандарды полиция кармап кеткени айтылган. Буга чейин полиция ок атуучу курал колдоноорун эскерткен. Каршылык көрсөтүп, качууга камынган жүздөй кишиге көздөн жаш агызуучу газ колдонулуп, желим октор менен атышкан. Полиция университеттин кампусуна кирип барууга аркет кылган, бирок демонстранттар таш ыргытып алардын кирүүсүнө жол берген эмес.
Эске салсак, Кытайда төрт айга жакын убакыттан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы миллиондогон адамдар катышкан акциялар токтобой жатат.
Булак: NazarNews.kg