www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран президенти Хасан Роухани шаршембиде “душмандардын кутумун жеңүүгө мүмкүн болгонун” жарыялады. Жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн өкмөттүн жыйынында ал жапырт башаламандыктарды басуу тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
"Иран эли кайрадан сыноодон өтүп, душмандарга абалдан пайдаланууга жол бербей турганын көрсөттү", – деди ал.
Роухани эл бийликтин аракетине нааразылык билдирүүгө укуктуу экенин да кошумчалады.
Мамлекеттик ММКлар демонстрация учурунда кармалгандардын арасында Германия жана Түркия жарандары да бар экенин маалымдашты.
Нааразылык акциялары башталганда Иран бийлиги интернетти өчүргөн. Буга байланыштуу социалдык түйүндөрдө протесттер учурундагы видео жана сүрөттөр дээрлик жок.
Amnesty International укук коргоо уюму күбөлөргө жана активисттерге таянуу менен нааразылык акциялары 20дай шаарда өткөнүн, демонстранттарды кууп таратуу учурунда бери дегенде 106 киши өлгөнүн, 1000дей адам камалганын билдирди. Иран бийлиги бул маалыматтарды четке кагууда.
Иранда нааразылык акциялары 15-ноябрда башталган. Буга бензиндин баасынын көтөрүлүшү, май куюуга чектөө киргизүү себеп болгон. Бийлик экономикалык көйгөйлөрдү ушундай жол менен гана чечүү мүмкүн экенин айтууда.
Булак: NazarNews.kg