www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санкт-Петербург шаарынынын метролорунун биринде 2017-жылдын 3-апрелинде теракт болгон. Ал жардыруудан жалпы жонунан 103 адам жабыркап, 16 жаран каза болгон. Жардырууну жанкечти-террорчу Акбаржон Жалилов аттуу адам ишке ашырган.
Алгач ал террорчуну россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын жараны деп маалымдашкан. Ошондон улам Кыргызстандын чет өлкөдөгү имиджине, кадыр-баркына бир топ эле залакасы тийген. Россиядагы далай эмгек мигранттары федералдык миграциялык кызматы тарабынан жапырт кармалып, текшериле баштаган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, жанкечти-террорчу Орусиянын эле жараны болуп чыккан. Андан сырткары, бул иш боюнча дагы 11 адам кармалган болчу. Анын уюштуруучусу болгон Кыргызстандын жаранына өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгышы мүмкүн деген маалымат россиялык ЖМКда таратылган.
Мындан улам Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ал адам кыргыз жараны эмес экендиги кабарлап, мындан ары ЖМКлар террористтердин жарандыгын маалымдоодон мурун так аныктап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды алдын ала жайылтпоону талап кылды.
Булак: NazarNews.kg