www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тблисиде оппозициянын тарапташтары 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына нааразылык билдирип митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Митингдин жүрүшүндө оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясынын лидери Саломе Самадашвили башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы шайлоочулардын добуштарын сатып алганы боюнча далилдерди дипломатиялык миссиялардын жетекчилерине көрсөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары жалпысынан Грузиядагы шайлоого оң баасын берип, бирок өнөктүк маалында мамлекет менен башкаруучу партияны аралаштырууга жол берилип, шайлоо кампаниясын каржылоонун принциптери жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөнбөгөнүн белгилешти.
Ошондой эле бюллетендердин дээрлик 90% ашыгы саналып бүткөндөн кийин «Грузин кыялы» шайлоочулардын 48,05% ээ болду. Бул сан партияга өкмөттү өз алдынча түзүүгө укук берет.
Эске салсак, оппозициялык «Күч биримдикте» бирикмеси 27,07% добуш алган.
Булак: NazarNews.kg