www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков Октябрь революциясындабы же бийлик алмаштыруусундабы түрмөдөн бошотулуп, Атамбаевге таянып, мамлекетти башкарсам деп акактап калган. Алардын Ак үйгө болгон чабуулунда Бабанов баш болуп, Текебаев кишилерин кошуп төш болуп ээрчип алышкан. Бирок Садыр Жапаровду колдоочулар мизин кайтарышкан. Ошондон соң мыйзамды уккандар эс алуу бүттү деп түрмөгө кайтып келишсе, Сапар Исаков мыйзамды уруп ойнобой безеленип качып жүрөт.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр аксакал каза болгондо Сапар мырза эки тизгин, бир чылбырды чоюп тургандыктан, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев баш болуп мамлекеттеги бардык атка минерлер көчүп Кочкорго барган. Сапар Исаков өз айылына көңүл бурбагандыктан Теңдик айылындагы үйү кароосуз калган. Түнү менен жогору жактан мамлекет башчысы келет деп РЭС менен ДЭУ иштеп, жолдор оңолуп, светтер коюлган. Аттиң, баласы камалып жатканда Салика апанын көз жумганын кара, баласы президент болуп турса, башкача болмок беле?

2018-жылы 10- апрелде ал кезде мыйзам боюнча Кыргызстанды башкарып турам деп сезген өкмөт башчысы Сапар Исаков Мамлекеттик Мүлктү Башкаруу Фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаковду өзү да камаларын билбей  башын баталгага койот. Ал эми 16-апрелде  экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жаңы эле УКМКдан бошотулган Атамбаевдин экс-жансакчысы Болот Сүйүмбаевди коюп, СДПК менен Атамбаевдин «рупорлорунан» муштумун түйүп көрсөтөт. Апрелде боло турган мамлекет башчыларынын жолугушуусуна мамлекет башчысы катары президент эмес, мыйзам боюнча мамлекет башчысы эсептелген өкмөт башчысы Сапар Исаков барат дегендей сөздөрдү таратат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости