www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада бүт акимиаттар, шаардын кызмат жетекчилери элди 2 сааттан кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Эртеңден баштап Медер Бейшеналиев, Дастан Шаршеев, Абдес Анарбеков мага жардам берет. Социалдык тармактагы элдин арыз, суроо-талаптарына жооп беришет.

Жакын арада бүт акимиаттар, шаардын кызмат жетекчилери ордуларынан элди 2 сааттан кабыл алат. Биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин. Бардык жерде аралык сакталып, санитайзер, бет кап колдонулушу керек", - деп жазган Түлөбаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости