www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 76га жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча агенттиги билдирген.

Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетсе, жабыркагандардын саны 962 адамга жеткен.

Эске салсак, Түркиядагы күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө 30-октябрда катталган. Жер титирөөнүн эпицентри Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчү 6.9 балл деп баалашкан.

Жер титирөөдөн Измирде кеминде 20 имараттын кулагандыгы кабарланды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости