www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чыгарган жаңы жарлыкка ылайык, бир күндө 10 000 кадам жүргөн адамга өкмөттөн 3000 сум берилет.

Ал эми 3000 сум - кыргыз валютасында 25 сомду түзөт.

Жаңы планга ылайык, күнүмдүк акы чогулуп отуруп, ай сайын ар бир райондо жана шаарда эң көп жөө жүргөн кишиге 300 миң сум ыйгарылат. Ал эми облустагы эң көп жөө баскан адам 500 миң сум, республика боюнча эң көп баскан жаран миллион сум алат.

Аталган өлкөнүн ЖМКлары билдиргендей, акчалай сыйлык каралган "Сергек жашоо" платформасы 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгат. Ага 18 жаштан өткөн өзбекстандыктар катышса болот.

Маалыматка караганда, сыйлыкка каражат бюджеттен бөлүнөт.

Белгилей кетсек, азырынча ким канча жөө басканы кандай ыкмада аныкталары тууралуу эрежелер так эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости