www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия парламенттик шайлоодо босогону алып салды. Эми канча партия парламенттик шайлоого катышса алган добуштарына карай орундар бөлүштүрүлөт.Азыр кыргыздар үчүн грузиндер менен теңелүү мүмкүн эмес. Бизде босогону алып салса Кыргызстандын 200дөн ашуун партиясы бүт катышат. Бул жагын бөркүңүзлөй көрүңүз, анткени 2011-жылы президенттик шайлоого жүздөй киши талапкер болгон. Эми да партия аттуунун бары жабалактап тоскоолдуктар болбосо талапкердигин коюп чыгышы мүмкүн. Кыргызстанда парламентке өтүү үчүн 9 пайыз алыш керек? Ошого карабай 6 партия өткөн. «Койчу көп болсо мал кырылат» –дегендей, партиялар канчалык көп парламентте болсо, бийлик кылгандар улакка окшоп көрүнгөн жерге тартылып, алар кызматын аткарышты ойлобой эле фракциядагы депутаттарга көз каранды болуп калат экен.Ошондуктан 9 пайыздан тоскоолдукту ылдыйлатышса ылдыйлатсын. Азырынча тоскоолдукту алуу эрте.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости