www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Түркстан аймагындагы Арыс шаарында аскердик ок-дары кампасында удаама-удаа жарылуу болду. Жарылуулардын себебинен чыккан өрттө 16 киши жаракат алган жана бир адам набыт болгону айтылууда. Өрттү өчүрүүгө көп сандаган өрт өчүргүч жана тез жардам топтору барган.

Аталган жарылууга байланыштуу “Кыргыз темир жолунун” Бишкек-Москва багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди токтотулат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Каттам качан жүрө турганы боюнча маалымат айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым -Жоомарт Токаев, социалдык медиадан бөлүшүүсүндө жарылууга себеп болгон кыйроонун калыбына келтирилиши жана керектүү чаралардын көрүлүшү үчүн коргонуу жана ички иштер министрлерине буйрук берилгенин жарыялады.

«Элдин коопсуздугу камсыздалышы керек жана жарылуунун себеби изилдениши керек»,-деп айтты Токаев.

Учурда, аталган аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. 43 миң калктуу Арыс шаарынан эвакуация иштери башталып, Коргоо министри Нурлан Эрмекбаев, аймакка барып иликтөөлөрдү жүргүздү.

Коргоо министринин орун басары Бакыт Курманбаев да, министрликтин атынан атайын курулган комиссиянын аймакка жөнөтүлгөнүн, куралдуу күчтөрдүн атайын топторунун окуя болгон жерде коопсуздукту камсыздаганын белгилеп: «Элдин дүрбөлөңгө түшпөстөн эвакуация кылынуучу жерлерге барууларын өтүнөбүз»,-деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости