www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев сурак берди.

Бул тууралуу анын кызы Назгүл Түлеева  24 –июнда “Твиттердеги” баракчасына жазды. “Атамбаевдин иши боюнча суракка чакыра башташты, бүгүн атам чакырылды, - деп жазды ал.

Башкы прокуратура экс-президенттин кол тийбестигин карай баштаганын жергиликтүү маалымат каражаттар жазышкан.

Буга чейин Түйлеев кол тийбестикти алуу боюнча атайын  түзүлгөн  депутаттык комиссияга  “Атамбаев шайлоо компаниясына деп андан 500 миң доллар алганын билдирген кат жибергени” ММКларда айтылган.

Даги бир маалымат, депутаттык комиссиянын отурумда сөз сүйлөгөндөр башкы прокуратурада сурак беришет.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген.

Эми парламенттин токтомуна прокуратурадан жооп келгенден кийин Жогорку Кеңеш кайра экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карайт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости