www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда эркек адам аялынын көңүлдөшүн уруп салган. Сабоо жеген жаран жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.  Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБ билдирди.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 24-июнунда Жаңы–Жер милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Төмөнкү-Чүй айылында жергиликтүү тургундун сабалганы боюнча билдирүү түшөт.

22 жаштагы А.Т. милиционерлерге анын 48 жаштагы атасын урган кишиге карата чара көрүүсүн өтүнүп арыз жазган. Андан кийин, 38 жаштагы М.З. кармалган, ал сурак учурунда, 4 ай мурун аялы Ж.А.нын ушу депутат менен болгон мамилесин кармап алганын айткан.

“Үй-бүлөлүк маселелерден улам, экөөнүн ортосунда дайым уруш болуп келген, 24-июнда экөө кезигип калып, дагы уруша кетишет да, натыйжада арыздануучуну шектүү сабап салган”, - деп билдирет ШИИБ.

Шектелүүчү Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана аталган кылмыштын бардык катышуучулары окуяны иликтөө үчүн РИИБге жеткирилген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости