www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан тобокелчиликти азайтуу үчүн өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин биринчи жыйынында.

Мамлекет башчысы келечектеги чакырыктардын бири катары Кумтөрдө алтынды казып алуунун азайышы күтүлүп жатканын атады.

«Кумтөрдү эске албаганда, мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагындагы ишканалардан түшкөн киреше болгону 2 млрд сомдон ашпайт. Демек, өнөр жайдын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдү башка өндүрүштөр менен ордун толуктоо маселеси турат. Бүгүнкү күндө, өнөр жайдын абалы алтынды өндүрүүгө жана экспорттоого көз каранды болуп калды. Алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер — биздин өнөр жайды дароо артка тартат. Ошондуктан Өкмөт,  өлкөнү алтын казуудан түздөн-түз көз каранды болуп калуу тобокелдигинен арылта турган концепцияга өтүүсү керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал жалпы эле өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын, ресурстар чектелген шарттарда мамлекет өнөр жайдын бардык тармактарына бир убакта бирдей өлчөмдө колдоо көрсөтө албастыгын белгиледи.

«Ошондуктан келечектеги приоритеттерди так аныктап, мамлекет кайсы тармактарга жана кантип жардам берерин тактап алышыбыз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Последние новости