www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин талабын "суверендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү" деп атады. Бул тууралуу "Грузия онлайн" кабарлады.

"Бул аракет дипломатиялык мамилелерди курчутуунун экстремалдык формасы болуп саналат жана расмий Киев дос мамлекетке жана анын элине каршы мындай кадамга барып жатканы өкүнүчтүү. 

Страсбург сотунун чечими менен абактагы Михаил Саакашвилинин ден соолугунун абалы боюнча божомолдорго чекит коюлду, ал Михаил Саакашвилинин укуктарын коргоодо мамлекет көрсөткөн жогорку стандарттарды дагы бир жолу тастыктады», - деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу Грузиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Киевдин чечими “эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык мамилелерге зыян келтирип, эгемен мамлекеттин ички иштерине түздөн-түз кийлигишүүнү билдирет” деп белгиледи. «Расмий Киев өз чечимин кайра карап чыгып, эки өлкөнүн тарыхый достук мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө аракет кылат деп ишенебиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Грузиянын башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе “Зеленскийдин Саакашвилиге жасаган кадамы кемсинтүү, бирок бул өлкө согушуп жаткандыктан, биз украин бийликтери менен бир тараптуу болсо да достук мамиледе болууну каалайбыз” деди.

Грузиянын экс-президентинин саламаттыгы прокуратурага каршы 50 күндүк ачкачылык акциясынан кийин кескин начарлап кеткен. Эки күн мурун саясатчы февраль айынан бери биринчи жолу сот отурумуна клиникадан видеобайланыш аркылуу катышты. Ал өтө арык абалда болгон.

Эскерте кетсек, Украин президенти Владимир Зеленский грузин бийлигин Саакашвилини керектүү дарылоо жана кам көрүү үчүн Украинага өткөрүп берүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости