www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын мурдагы президенти Саломе Зурабишвили коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынан кайтып келгенден кийин Тбилиси аэропортунда белгисиз активисттер жумуртка менен ыргытышты. Бул тууралуу News Georgia басылмасы билдирди.
"Зурабишвилиге, так Георгий Гахарияга (Грузиянын мурдагы премьер-министри) окшоп Тбилиси аэропортунда жумуртка менен кол салуу болгон", — деп айтылат маалыматта.
Активисттердин бул кол салуусуна полиция кийлигишпегени белгиленген.
Маалымат үчүн айта кетсек, 14-16-февраль күндөрү Германиянын Мюнхен шаарында коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясы өттү. Ага 60ка жакын мамлекет жана өкмөт башчылары, 150 министр жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.
Эске сала кетсек, буга чейин Европарламент 2024-жылдын 29-декабрында президенттик сарайдан чыгып кеткен Саломе Зурабишвилини Грузиянын мыйзамдуу президенти деп тааныган. Анткен менен 14-декабрда Грузияда президенттик шайлоо өтүп, анда бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынан мамлекет башчылыгына жалгыз талапкер Михаил Кавелашвили жеңишке жеткен. Ал 225 добуштан 224 добуш алган эле.