www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржылык чалгын кызматы коммерциялык банктарга жолдогон кат коомчулукка кандайча жарыяланып кетишин иликтөө өтүнүчү менен укук тартибин коргоо органдарына кайрылды.

Бул тууралуу 21-декабрда мекеменин жетекчиси Гуламжан Анарбаев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, кеп кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча "өтө маанилүү" деген белгиси бар кат тууралуу болуп жатат:

- Банктарга жөнөтүлгөн кат туура эмес чыгып кетти. Бул документ боюнча элге туура эмес маалымат берилип жатат, - деди Анарбаев.

Финансылык чалгын кызматы банктарга жиберген катты "Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткаруу талаптары менен байланыштырууда.

Буга чейин Интернетке Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.

Анда 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Банк тармагы боюнча экcперттер чалгын кызматынын талабы мыйзамсыз экенин айтышкан.

Ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов уячалар жана эсептер боюнча маалыматты алуу аракетин чыккынчылык деп атап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости