www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин айлыгын 2019-жылы салык базасын көбөйтүүнүн эсебинен көтөрүүгө ниеттенип жатышат. Бул тууралуу кечээ каржы Министрлиги билдирди.

Каржы Министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги маалымат жыйынында белгилегендей, бул үчүн жылына 369 миллион сом кетет.

Мамлекет эмне үчүн билим берүү тармагында айлыкты көтөрбөй, салыкчылардын айлыгын көтөрүп жатат деген суроого, билим берүү секторуна 5-6 миллиард сом талап кылынат, ал эми салыкчыларга аз эле кетет, деп жооп берди.

Салык кеңешчилеринин Палатасы башкармалыгынын төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты Татьяна Ким чындыгында эле салыкчылардын айлыгын көтөрүү зарыл экендигин белгилеп кетти.

- Алардын мойнунда чоң жоопкерчилик турат, алар деген биздин бюджетти чогултушат, деп айтты ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Ошондой болсо да, борбордук аппаратта отурган адис 15 миң сом алат, ал эми катардагы кызматкер 7-8 миң сом алат.

Парламенттик бюджет жана каржы боюнча комитетинин мүчөсү Кубанычбек Нурматов каржы Министрлигиндегилер зарылчылыктан улам ушуга барып жаткандыгына макул болду.

- Акырындык менен бардык эле бюджеттен каржыланчулардын айлыгын көтөрүү башталды, мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы да көтөрүлөт, президенттин программасы бар да, - деп ынандырды ал. Ошондуктан баары туура.

Салык кызматынын алдындагы коомдук байкоо кеңешинин төрайымы Рита Карасартова берген маегинде эгерде салыкчылардын айлыгын көтөрсө, бир гана кызматкерлердин санын кыскартуулардын эсебинен көтөрүү керек деп каршы болду.

- Бул диван эксперттеринин иши, - деп түшүндүрдү ал. - Бүгүнкү күндөгү салык кызматы кадимки салык системасына туура келбейт.

Эксперт 2016-жылы чыккан №206 өкмөттүн токтомун эске салды, анда борбордук аппараттын ишинин бир бөлүгүн жергиликтүү өзүн өзү башкарууга берүү талабы болгон. Эки жылдан бери өткөрүп беребиз эле дешет жыйынтык жок.

- Кандайдыр бир иштер болуп жаткансыйт, бирок өтө татаал жана тоскоолдуктар аркылуу болуп жатат, - дейт Карасартова. - Эмнеге андай экендиги түшүнүктүү - анткени салыкчылардын өздөрүнүн кызыкчылыктары бар, коррупциялык учур болуп жатат. Ошондуктан салык кызматкерлеринин айлыгын чогулган салыктан белгилүү бир пайызын ала турган кылыш керек. 
Кыскасы, ал дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү да сынга алды. Эксперт айлыкты көтөрүү менен өлкөдө билим берүүнүн сапаты жакшырып кетпейт дейт.

- Кыргызстанда билим берүү бир сөз менен айтканда сазга батып калды, айрыкча жогорку окуу жайлары, - деп билдирди ал. - Окутуучулар да кандайдыр бир жаңы билим берүүнүн ыкмасын көрсөтүшсүн адегенде.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости