www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Жогорку Кеңеш Өмүрбек Текебаевдин маселесин көтөрбөгөнүн сынга алды.

Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып айтты. Парламентаризмди өнүктүрүүгө Текебаев сыяктуу салым кошкондор аз экенин белгиледи:

- Бул мааракенин жүрүшүндө Текебаевдин маселеси көтөрүлүшү керек болчу. Президент Текебаев боюнча соттун баардык баскычтарында чечим кабыл алынып калганын айтууда. Бирок ага карата сот кандай жүргөнүн билебиз. Жада калса акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк берилген эмес, - деди Отунбаева.

Экс-президент Текебаевди эртең эле бошотуу жөнүндө сөз болбосо да, ага актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин кошумчалады.

19-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, себеби соттун баардык инстанцияларынын чечими чыгып калганын, бирок мыйзам боюнча ага мунапыс бере аларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости