www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП партиясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сапар Исаков тууралуу коомчулукка туура эмес маалымат таратып жатат деп эсептейт. Партия 21-декабрда билдирүү таратып, “УКМКнын басма сөз кызматы элди алдап жатат. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария анын эски бөлүгүндө болгону аныкталган. Себебин сот териштирип жатат. Ал эми Сапар Исаков бул иште соттолуучу да, күбө да эмес. Авария үчүн ага айып тагылган эмес” деди.

Ошондой эле КСДП ЖЭБдин модернизациясы менен былтыркы аварияны байланыштыруу – элди адаштыруу аракети экенин айтууда.

“Мындай билдирүүлөр Сапар Исаковго тагылган айып саясий себепке негизделгенин айгинелеп турат” дейт КСДП.

20-декабрда Исаковдун “УКМКда отургандан бери бизде чынында эле мүшкүл абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мына мен саясий куугунтуктун ачык бир өкүлүмүн” деген билдирүүсү тараган.

Буга жооп кылып УКМК “Ар бир адам мыйзам чегинде пикирин билдирүүгө укугу бар. Бирок, ошол эле учурда жоопкерчиликти сезе билүү керек. Алсак, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария боюнча козголгон бир катар кылмыш иштеринин алкагында Сапар Исаков дагы фигурант катары камалган. Былтыркы жылы кыштын кыраан чилдесинде Бишкектеги ЖЭБ авариясынын кесепетин миңдеген шаар тургундары жон териси менен сезишти. Учурда кылмыш ишин тергөө мыйзам чегинде болуп, бардык чечимдер сот органдары тарабынан мыйзамдуу түрдө кабыл алынууда" деген.

Ошону менен катар атайын кызмат тергөөнүн алкагында Исаковдун коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендигин далилдеген материалдар алынганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости