www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 80 жылдыгын майрамдоодон мурда элдин кызыкчылыгын ойлогон парламент болсо, бул майрамдын аларга эмне кереги бар? анысы деле депутаттар күнүгө эле майрамда жүрөсүңөр го?!
Бири-бириң менен кайым айтышкан депутаттар элге жакшылык кылмак белеңер...Бир карасың спикер менен депутат урушуп жаткан, кайра баш баксаң депутат айымды сыйлабастык орун алып жатат. Мындай дагы улана берсе, силердей депутаттардын эл-журтка кереги жок. Элдин мүдөө-талабын аткара албайсыңар! 120 депутатты эл бекер эле багып жатат. Жок дегенде жумушка да келбейт экенсиңер, мындай ЖКнын элге кереги жок. Депутаттарга каттар келе берет, бирок иш жүзүндө көзгө көрүнөөрлүк эч нерсе жасалган жок.
Эгерде ынтымактуу болуп, эл кыдырган болсоңор анда башка кеп.
Эл азыр оор ахыбалда. Эшикте суук, жумушу жок жаштар чет мамлекетке "гастарбайтер" болуп агылып кетип жатат. Кемпир чалдын пенсиясын карап отурамбы деген жаштар Бишкекке келип "мезгилдүү" жумуштарда батирлеп жүрүшөт. Студенттер кантип окууну бүтүп алсам дегени менен өлкөдө жумуш жок. Эптеп бүтүп алып студенттердин 80% кайра эле мигрантка айланаары бышык. Бала бакча, мектеп, ЖОЖдордогу паракорчулук элдин кыжырына тийди.
Мындан башка деле толтура маселелер бар. Жол, транспорт, айлык маянанын аздыгы, Асмандын башын сүйлөгөн "Эл өкүлдөрү" элди ойлобой эле ар кимиси өз бизнесин ойлоп жаткан чак. Ар биринин "гилтейген" бизнеси бар, ошонусун өркүндөтүп-өстүргүсү келет. Силерди эл шайлагандан кийин элге иштеп берсеңер деген тилек бар эле...Айлык маянаңар 40 миң сомдон ашат.
"Экс" президенттердин "кол тийбестигин" алып салып, андан ары тарап кетишинерди эл да каалап жатат, башкага деле силердин акылыңар жетпейт. Чындыгында эл деле силерден тажады...
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg