www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин "Легендарлуу парламент" аттуу чакырылышынын төрагасы Медеткан Шеримкулов азыр Конституцияны өзгөртүүгө эң ыңгайлуу учур болуп турат деп эсептейт.
Бул тууралуу ал 21-декабрда Бишкекте Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып айтты. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун "Баш мыйзамды өзгөртүүгө азырынча зарылчылык жок" деген пикирине кошулбай тургандыгын билдирди.
Шеримкулов 2020-жылга чейин өзгөртүүгө чек коюлганын белгилеп, бирок алдыдагы эки жылда Баш мыйзамды жакшылап талкуулап, чыныгы парламенттик башкаруудагы Конституцияны кабыл алуу мүмкүн экенин айтты. Буга ал 1993-жылы кабыл алынган Конституция үч жылга жакын талкууланып, кабыл алынганын мисал келтирди.
Экс-спикер "эгер эки жыл талкуулап, конституциялык реформа ишке ашса, Сооронбай Жээнбеков реформатор катары тарыхта калар эле" деген оюн кошумчалады.
Конституциялык реформанын зарылдыгы тууралуу ойду парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев да колдоду.
Бүгүнкү конференцияда сүйлөп жатып мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүүу зарылдыгы жок экенин айтты.
Булак: NazarNews.kg