www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы М.Д.Абылгазиевге
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовго
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Г.К.Кудайбердиевага
КАЙРЫЛУУ
Биз, Аламүдүн районун билим берүү кызматкерлери төмөндөгү арыз менен расмий түрдө кайрылууга аргасыз болуп жатабыз.
23.01.2019 ж. «Вечерний Бишкек» интернет-ресурсунда «Заведующая Аламудунским РОНО проводит свои тои за счет директоров школ?» деген макала жарыяланган.
Макалада Аламүдүн районунун бардык мектептеринин жана бала-бакчаларынын башчыларынын атынан Кайрылуу жазылган. Кайрылууда райондун билим берүү башкармалыгынын башчысы Элида Сейталиеваны каралоо максатында, ал жөнүндө чындыкка жатпаган, ойдон чыгарылган фактылар чагылдырылган.
Сейталиева Э. 2016-жылдан бери ээлеген кызматында таза жана чынчыл инсан катары жумушун аткарып келе жатканына күбө катары,биз айтылган жалган арызды кыжырлануу менен кабыл алдык. Себеби бул арызды “атайын” уюштурган адамдар Сейталиеванын мыйзам түрүндө коррупция менен күрөшүү максатында 2019-жылы пландаштырган райондун айрым билим берүү мекемелерин текшерүүлөрүн үзгүлтүккө учуратуу максатында жана Сейталиеваны биротоло жумуштан кетирүүгө аракеттенип жатышат.
Бул фактылар тууралуу Сейталиева Э. облустук жана райондук прокуратурага расмий арыз менен кайрылган. Эми, биз жазбаган арыз боюнча түшүнүк каттарды берүүгө аргасыз болобуз.
Тактап кетүүчү нерсе арызда колу коюлган деп жүргөн 8 жетекчи, өз колдорунан баш тартып түшүнүк каттарды беришти. Ал эми жасалма колдорду койдурганы үчүн Шаршембиева К., Молдомирова Э., Алексеева О., Кушбаева М., Шарипова А., Орозбактиева К., Жаманкулова Г., Ташмаматова Ч.,А.Козубековалардын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейбиз.
Жогорудагылардын негизинде, жогорудагы жараандардын кыймыл-аракетине баа берүүңүздөрдү суранабыз, жана арызды уюштуруп, биздин атыбыздан массалык каражаттарга чыгарган адамдарды жоопко тартууңуздарды өтүнөбүз.
Алар, Шаршембиева К. – заведующая ДОО «Теремок», Молдомирова Э. - заведующая ДОО «Нурдан-Нур», Алексеева О. -заведующая ДОО «Достук», Кушбаева М. -заведующая ДОО «Солнышко», Шарипова А. - заведующая ДОО «Бекбол», Орозбактиева К. -заведующая ДОО «Алтынай», Жаманкулова Г. -заведующая ДОО «Жаны кадам», Ташмаматова Ч. -заведующая ДОО «Назик», Козубекова А. -заведующая ДОО «Алтын Балалык».
Булак: NazarNews.kg