www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жагынан саясатчылар туура эле сөздү айтыптыр. Анткени учурунда Амеркадан айына миллиондогон грант келип турганда, чоңдор өз алдынча бөлүп алышып, хан сарайларды салып, жол тандабастарды минип, коштоп аял алып, алар үчун жашоо шаңдуу эле. Эми минтип агып келип турган акчанын булагы токтоп, кирише кирбей калганда, Американын абаны булгаган самолётторун эстеп, атка минерлердин алты айласы кетип турган кези.

Кытай элинин таасын айтылган кеби бар “бекер табылган бир сомдон корк” деген. Биздин сасык ойлуу саясатчыларыбыз, бир сом эмес, миллиондордон коркпой эле жан үрөп байлык кубалап жүрүшсө анан кантип өлкө өнүгүп, эл жакшы жашоого жетмек эле? Саясатчылар айткандай Америка менен кайра мамиле түзсөк, билермандарга, тактап айтканда алып-жеп көнгөндөргө эле пайда келбесе, карапайым элге эмне пайда - дейм да.

Андан дагы акча үчун кайра Американан самолёторун алып келсек, анда жуткан абабыз эмне болот? Ушул жагын ойлошту болду бекен? Ансыз деле өсүмдүктөр ошол кезде катуу зыянга учураганын жакшы билебиз.

Айтып олтурса сөз учугу чыгар берчүдөй, ушуну менен эле токтотпосок.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости