www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, бүгүн күнгө жума. “Жума намазга барабыз” деп атайын даярдык тээ таң аткандан бери башталып, атайын кадам таштап мусулмандын парзы “жума” намазга келгендердин саны Кудайга шүгүр.

Бирок, жумага келип алып, парз намазы окулгандан кийин, намаз окуп жаткан адамдын башынан секирип өтүп, тартипсиздик кылган кантип болсун. Андай шаша турган болушса четке туруп алып окуса болот эле го.

Айткандай намаз окулуп болгондон кийин, жалпы арбактарга арналып касийеттүү куран окулат. Имамдын окуган куранын укпай, шашкалактап кеткенден тапкан пайда эмне? Жок дегенде мечитке келгенде, шашканды токтотуп, убакытты баалап, сабырдуулукту кармансак дурус болмок. Бирок, ушул жерден дагы тартипсиздик сапатыбызды көргөзүп жатканыбыз, намазды сыйлабагандыкка жатканын эске алганыбыз оң.

Ансыз деле өмүр кыска. Шашып жүрүп эмне таптык? “Убакытты адамдар өзү шаштырат” дегендей, улуу Алланын үйү аталган мечитке сооп табуу үчүн келип, намаз окуп жаткан адамдарды бей маза кылган күнөө. Андыктан сооп табам деп келип, күнөө таап кетпей сабыр кылгылачы азиз мусулмандар.

 Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости