www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир иштин өзүнүн устаты болот. Ошол себептен “колуңдан келбеген ишке кор болбо” деп айтылган кеп бар.

Тилекке каршы, азыр тааныш-билиш менен анан акчанын күчү колдонуп, колунан келбеген ишке кор болгондордун саны көп. Алардын катарын дары-дармек департоментинин кожоюну Гүлмира Шакирова дагы толуктайт имиш.

Ооба, азыр дары саткандардын күнү тууп, байыгандан чет элге айылчылап барып келип, акчаларын кайда кетирээин билбей жүргөндү да бар.

Ооба, биз ириде кеп кылгандай Гүлмира айымдын дары-дармек боюнча билими жок, жөн гана акчаныны күчү менен же тааныш билиштин арты менен бул ише келип калганы  үстүртөн айтылды. Минтип айткан сөздүн дагы чындыгы бар өңдүү. Анткени Гүлмира айым чет элден келген дарылардын баасы канча турарын да билбейт экен. Анын айтуусу боюнча дарыны  алып келгендер өздөрү бааны коёт имиш. Я, айланайын, алар менен бир пикирге келип, дарынын баасын Гүлмира бычпаганда ким бычат, бакандай үлкөн кызматтын креслосун кучактап олтуруп. Ушундай элементардык нерселерди чече албаган жасалма чоңдор ишти артка тарып жатканы кантип ачууну келтирбейт. Дарынын баасын бычканды билген бирөө жарым болсо, Гүлмира айымга жардам берип койгулачы. Болбосо дары кымбат сатылып, карапайым калктын чөнтөгүнө катуу күч келип жатат.

Бердикожо Бийназаров,

NazarNews.kg

Последние новости