www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйыны өтүүдө.

Жыйында эл өкүлу Кенжебек Бокоев: "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоодо окуу жайлардын ичинен бирине артыкчылык деле бербейм. Бирок тендерди уткан башка окуу жай болобу же фирмабы алар деле окутса болот. Мисалы, эмне себептен окутууну Ош университетине берсе болбойт?" - деди.

"Спортчуларды дене тарбия институту, медиктерди медициналык академия окутат. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин көтөрүү менен Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы иш алып барат. Бул мыйзам долбоорун колдоо керек", - деди "Ата-Мекен" партиясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости