www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эне жолун улап, түйшүктүү ишти аркалап, иш менен үй-бүлөсүн кошо алып жүргөн Шахра Талипованын кызы, маркум Гүлзат Батырканова менен көзү тирүүсүндө болгон маекке көз салыңыз!
- Гүлзат айым, билишибизче сиз Филармониянын босогосун он жети жашыңызда аттагансыз. Улуттук Филармониянын солисти болуп калуу үчүн кандай сынактардан өткөнсүз?
- Ооба, филармониянын босогосун абдан эрте аттадым. Он жети жашымда филармонияга келгенимде жаңыдан “Эл шайырлары” деген фольклордук топ ачылып, төкмө акын байкебиз Замирбек Үсөнбаев ошол топко ырчыларды, комузчуларды, төкмө акындарды жаштардын арасынан тандоо турун жүргүзүп жаткан экен. Мен ал маалда эстрадалык студияда билим алчумун. Тандоо туруна бардым. Бизди катуу текшеришти. Бир жумадан соң акыры сынактан өттүк. Башында топтун составында он бешке жеткен артисттер болчу. Кийин алардын арасынан көзү өтүп кеткендер, пенсияга чыккандар, үйүндө олтуруп калгандар, башка ишке кеткендер болду. Ошону менен азыркы тапта арабыздан иргелип олтуруп бир курактагы, бир максатты көздөгөн инсандар эмгектенип жатышат.
- Кыргыз сахнасына апаңыздын деми менен келип калдыңызбы же...?
- Сиз айтканды туура деп айтсам болот. Себеби, апамдын тарбиясын алып, ырдагынын угуп, сахнаны көрүп чыгармачыл инсандар менен аралашып жүрүп чоңойдум. Менин ырдап чыгышыма апамдын тийгизген таасири, ролу абдан чоң. Ушул күнгө чейин апам ыраазычылыгымды айтып бүтпөйм.
- Коомчулуктун сүймөнчүгүнө айланып калган “Сармерден” долбоорунда алып баруучулук милдетти кандайча аркалап калдыңыз?
- “Сармерден” мен үчүн күтүүсүз долбоор болуп калды. Алгач аны ишке ашырууда “Бул же тигил алып барсын” деген чечим пайда боло элек экен. “Биринчи өткөрүп көрөлүчү кандай болоор экен. Кийин дагы көрөөр жатаарбыз” деген ойго келишкен. Долбоордун автору Сагын Ниязалиева “Гүлзат сен алгач алып барып көр. Дагы алып баруучулар бар. Кезек кезеги менен улам алып баруучуларды алмаштырып турабыз. Бирок, ырчыларды алмаштырбайбыз” деди. Мен макул болдум. Башталганда эле Кудайдын насиби экен баары шар кетти. Ошондо баарын алдын ала сезип Сагын эже ойлонду окшойт “Алып баруучулар алмашпай эле кала бергиле. Ырчыларды, катышуучуларды алмаштырыш керек экен” деген сунушун киргизди. Мына ошондон тарта баштан аягына чейин эле алып баруучулук милдетти мен аркалап калгам.
- Өзүңүзгө алып баруучулук милдетти аркалаш жактыбы? Кыйынчылыктар болгон жокпу?
- Сахнада чакан кечелерди, концерттерди алып жүрсөм да, “Сармерден” долбоорун алып баруу кыйла татаал экен. Кыйынчылыктар болуп жатты. Концерт менен долбоордун айырмасы асман менен жердей экенин түшүндүм. Сөзгө чечен болуу менен сөздү да буруп көпчүлүктү башкарып алып кетүү оңойго турган жок. Бизде алдын ала программа түзүлбөйт. Сценарий да жазылбайт. Ал эле эмес репитициясы да жок эле дароо ишке киришебиз.
- Чыгармачылык дегенде убакытка карабай иштей бересизби же чек коёсузбу
- Жок. Эгер иштеш керек болсо тап такыр чек койбойм. Күн-түн дебей иштеген учурлар болот. Чыгармачылык деген чеги жок нерсе. Ага болгон күчтү, энергияны, эмгекти жумшаш керек. Айланамдагы адамдар “Эси бар адамдар түнү уктап, эртең менен эрте туруп иштешсе, силердин ишиңер кечинде башталат” деп тамалалап калышкандай ар кандай маалда иштеп калган учурлар болбой койбойт. Чыгармачыл инсан болсоң уйку эмне экенин билбей каласың, таң атканча тынбай жол жүрөсүң, кээде жакшы, кээде жаман жерге барасың, элдер ар кандай сөздөрдү чыгарышат аркандан айтышат дегендей ушунун баарына чыдаш кыйын. Мына ушунусу менен ыйык сахна чыгармачылык болсо керек...
- Төмөндө сиз атап өткөн нерселер сизди ырчылык чөйрөдөн алыстатканга аракет кылдыбы?
- Бул тууралуу менин оюмда болгон эмес. Бирок, кышкы суукка тоңуп, жайдын саратанында күйүп, ачка-ток болуп жүргөн учурда “Эх, ырчылыктан башка эле кесипти аркаласам болмок экен” деген майда-чүйдө ой толгоолор болуп кетээр эле. Азыр болсо айлыгыбыздын аздыгына карабай баарына көнүп, түйшүгүн болбой эле тартып, баарына кайыл болуп иштеп келе жатам. Сахна чыгармачыл адамдар үчүн эң айыккыс оору экенин билдим. Ырдабай калсам сахнаны сагынам. Эл менен жолугушкум келет.
- Жеке жашооңузда ал-абалыңыз кандай?
- Мен башка ырчы айымдардай болуп шалмалап эле ар кайсы концертте, тойдо жүрбөйм. Себеби, үй-бүлөм бар. Аларга дайыма кечкисин өзүм тамак жасап берем. Жолдошумдун, балдарымдын жаңылыктарын угуп, аларга тамак берип стол үстүндө маектешкен абдан жагат. Биринчи орунга ырчылык карьерамды коюп алган айымдардан эмесмин. Аны ар дайым ырчылык менен бирге алып кетем. Эки жакка тең калчап мамиле кылам. Жолдошум Мурат аскер кызматкери, полковник. Бирге жашаганыбызга он сегиз жыл болду. Үй-бүлөмдү чыгармачылыктын аркасынан тапкам. Телегейим тегиз дегенден алысмын. Көйгөйлөр болуп турбаса да жашоо кызыксыз го... Ошентсе да өзүмдү бактылуу аялдардын арасына кошуп келем.
Аруужан Булекбаева
Булак: NazarNews.kg