www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттигине экономист, Гүлжигит Исаков экономикабыздын жыл аягына чейин 10 пайыз төмөндөйт деген Азия өнүктүрүү банкынын божомолу тууралуу айтып берди.
-Гүлжигит мырза, Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасы 10% артка кетет деген божомолун айтты. Эми эмне кылышыбыз керек?
-Дүйнөдө индустриалдашуунун тарапкерлери менен ага каршы болгондордун ортосунда күрөш жүрүп жатат. Камсыздалбаган акча менен дүйнөнү башкарууга көнүп калган күчтөр бул инструменттен баш тарткылары келбей жатышат. Аларга моюн сунуп берген өлкө башчылары ырааттуу түрдө алардын саясатын жүргүзүп, жыйынтыгында ал өлкөлөрдүн экономикалары аркага кетип бара жатат. Ошон үчүн тез арада элдин байлыктарын өлкөгө жана элге кызмат кылгыдай абалга алып келип, ресурстарыбызды өзүбүзгө кызмат кылдырышыбыз керек. Антпесек, система улуттук кызыкчылыкты тепселөөгө ыңгайлашып калган. Бул маселени чечүүнүн жолу системаны түп тамыры менен алмаштырууда. Айтайын дегеним, Өкмөт алмашып, Жогорку Кеңештин курамы жаңыланганы менен эски система турганда эч нерсе өзгөрбөйт.
-Өкмөт даярдап жаткан үчүнчү жана буга чейинки антикризистик программалар экономиканын кыйрабай сактап калышына шарт түзөбү?
-Өкмөттүн программаларында өндүрүштү жандандыруучу стимулдар жок. Ошондой эле каражат да жок. Келген "парашют акчалар" маяналарга жана эптеп абалды көзөмөлдөп турууга эле жетет. Өлкөнү карызга батыруу саясаты аркылуу эртең мындан дагы көбүрөөк көз каранды болобуз. Суверенитетибизге, байлыктарыбызга оңоюраак кол салынышына шарттар түзүлүүдө. Өндүрүшүбүз жанданбаган мезгилде, карыз алган акчалар менен тышкы сооданын төрттөн үчүн импорт түзүп турганда, кантип экономика өнүкмөк эле? Сормого терең эле батып бара жатабыз. Карызга көпкө жашай албайбыз. Алмайдын бермейи бар! Бергенге келгенде, көп байлыктарыбыз ит бекерге кетет. Аны дагы мыйзамдарга такап жасашат. Болгондо дагы, мамлекет эмне экенин түшүнбөсө дагы мамлекеттик кызматтарга умтулгандардын колдору менен жасатышат!
-Айтканыңызга ынаналы, артка кетип жаткан экономиканы кантип жандандырабыз?
-Дүйнөдөгү система өндүрүштүк экономика жагына оосо, ошого ыңгайлаша алсак, өнүгүү жолуна түшө алабыз. Ээ болгон байлыктарыбызды коргоп калуу үчүн мыйзамдарды улуттук кызыкчылыкка шайкеш болгудай өзгөртүп, келишимдерди кайра карап чыгуубуз зарыл! Бирок, ал аракеттин баары келип эле чечкиндүү жетекчиликке жана күчтүү саясий эркке барып такалат. Кыскасы, илең-салаң, күн карама саясат менен алыс бара албайбыз.
Булак: NazarNews.kg