www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Якутия башчысынын мигранттарга карата жарлыгынын кыргыз жарандарына тиешеси жок. Бул туурасында КР РФ Элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
27-мартта Саха республикасынын башчысы Айсен Николаев чет элдик жумушчуларды ишке алууга болбой турган экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмесин кеңейткен жарлыкка кол койгон. Анда патенттин негизинде иштеп жаткан мигранттар тамак-аш азыктарын, ширелерди өндүрүү, кийим-кече өндүрүү тармагында, шаар ичиндеги жана шаардын чет жакасында жүргүнчү ташуу, жеңил такси жана автоунааны ижарага алып иштетүү, жүк ташуучу унаа айдоо, билим берүү жана саламаттык сактоо, укук тармагында, бухгалтердик эсеп, архитектура жана инженердик-техникалык долбоорлордо, ошондой эле илимий изилдөө тармактарында иштей алышпайт деп көрсөтүлгөн.
Элчиликтин маалыматына карганда, Кыргызстан мүчөсү болгон Евразия экономикалык союзунун 2014-жылдын 29-майындагы Келишиминин 97-беренесине ылайык, Заха (Якутия) республикасынын башчысынын бул жарлыгынын Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок.
Бирок Саха республикасынын бийлиги мигранттарга карата катаал мыйзамды жакында эле бул аймакта бир жергиликтүү айым кыргызстандык таксист болуп иштеген жаран тарабынан зордукталды деген ызы-чуудан кийин кабыл алып жатышкандыгы белгилүү. Ошол окуядан кийин бир нече күн жалпы мигранттар көчөгө чыга албай, ишин токтотуп коюшкан. Кыргызстандын миграция кызматынын жетекчилиги барып, элчиликтин өкүлү менен териштирүү иштерин жүргүзгөндөн, жергиликтүү телеканалдан кечирим сурагандан кийин гана кырдаал бир аз жөнгө салынгандай болгон. Эмнеси болсо да мигрант жердештерибиз бирөөнүн жеринде нан таап жүргөн соң, ал түпкүлүктүү элди сыйлап жүрүшү керек го...
Булак: "Майдан-пресс"