www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын 24-ноябрында жалпы коомдук-саясий күчтөр, саясий партиялар, жарандык активисттер, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпы элдик курултай болуп өтүп, анда бир топ маселелер талкууланып, бийликке бир нече талап коюлган. Андан бери жарым жылга жакын убакыт өтсө да, эмнегедир ал талаптар аткарылбай, элдин кыжырын кайнатууда.
Кечээ Элдик курултайдын аткаруу комитети чогулуп, бийликке коюлган талаптарды аткартуу жагын талкууга алышты. Элдин, курултайчылардын чыдам чынжыры үзүлө баштаганы мына ушул жыйындан билинди. Маселен, айрым курултайдын катышуучулары: "эмнеге Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу маселеси коюлса да, бийлик унчукпай жатат?"- деп айтса, башкалары "Кумтөрдү" эл пайдасына иштетүү, конституциялык реформаны тездетүү боюнча да зарыл маселелер унутулуп баратканын айтып кейишти. Айтор, мына ушул маселелерди, же тагыраак айтканда, Элдик курултайдын чечимдеринин аткарылышы кезектеги, Экинчи Элдик курултайда карала турган болду. Жыйын Бишкекте, "Ала-Тоо" аянтында 27-апрелге болжолдонууда.
Элдик курултайдын лидерлеринин бири Э.Каптагаев: "Атамбаевди жоопко тартуу боюнча биздин үндү угушпаса..."- деп муштум кезебеди беле... Бийлик эми эмне кылат? Чыдамы кеткен курултайчылардын талабын аткарып, Атамбаевди камай алабы?
Булак: "Майдан-пресс"